www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда Карши шаардык соту эшектин этин сатып жүргөн жаранды эки жыл коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирди.

Кашкадарыя облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, укук коргоо кызматкерлери аны эшек союп жаткан маалда кармашкан. Анын үйүнөн эшектин терилери менен эти, ошондой эле 20га жакын тирүү эшек табылган.

Алгач кармалган адам этти иттерине берээрин айтып, бирок кийинчерээк сатууга даярдап жатканын мойнуна алган.

Быйыл майдын аягында Кашкадарыя облусунун Касан районунда эшек союу менен алектенген жергиликтүү төрт тургун кармалганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости