www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президентке тоодой тирек болгон Руслан Казакбаев

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Дүйшөмбүдө өткөн кезектеги сессиясында президент Садыр Жапаров Афганистандагы аскердик-саясый абалга токтолуу менен Борбор Азия аймагында коопсуздукту, тынчтыкты, стабилдүүлүктү камсыз кылуу эң башкы милдет экенин белгилеп, саммиттин катышуучуларынын көңүлүн кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакка буруп, келишимге кирген өлкөлөр арасында мындай чырга жол берилбеши керек экендигин баса белгилеген... Көп өтпөй Садыр Жапаров БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 76-сессиясында дүйнө коомчулугуна кайрылды. Бул да биздин өлкөнүн эл аралык кадыр-баркы өсүп баратканынан кабар берип турат.

Президенттин бул жүйөлүү сөзү Кыргызстандын позициясы союздаш мамлекеттер арасында эле эмес, эл аралык аренада да бекемделип, бир жылдан бери ишбилгилик менен туура жүргүзүлүп келе жаткан тышкы саясат өзүнүн жемишин берип жатканына күбө болуудабыз. Руслан Казакбаев жетектеген тышкы иштер министрлиги кошуна өлкөлөр, ШКУнун, ЖККУнун алкагында стратегиялык өнөктөш мамлекеттер менен туруктуу иш жүргүзүп, макулдашуулардын негизинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармакта өз ара байланыштарды бекемдеп, биргелешкен долбоорлор үзгүлтүк жүзөөгө ашырылууда. Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусунда Кытай 1500 тонна буудайды бизде түшүмдүн аз экенин көрүп, жардам катары берип жатса, Индиянын тышкы иштер министри Субраньям Джайшанкар менен болгон Дүйшөмбүдөгү жолугушууда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, “Телемедици на” долбоорун талкуулоо, IT борборун ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн жана тез арада ишке аша турган долбоорлорго 100 миллион АКШ доллары Кыргызстанга грант катары бөлүнгөн.

Руслан Казакбаевдей басса-турса элди, өлкөнү ойлоп, күндүр-түндүр тынбай иштеген, жетектеген мекемесин сааттай так иштетип, алыскы-жакынкы чет өлкөлөр, союздаш стратегиялык өнөктөштөр менен да достук байланыштарды бекемдеп, теңата мамиле түзүп, дүйнөлүк коомчулуктун алдында ак калпактуу элибиздин, өлкөбүздүн зоболосун көтөрүп, аброй алып келген мамлекетчил жетекчилер өлкө башчысына аттай арка, тоодой тирек болуп берери шексиз.

Булак: Азия News гезити
 

Последние новости