www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эшимбековдун ишин текшериш керек

ЖЭБдеги коррупция боюнча «Электр станциялар» ишканасынын жетекчиси Узак Кыдырбаев темир торго кирери менен анын ордун Аскар Эшимбеков деген эргул ээлеген эле.

Аскарды жакындан таанып-билгендер ошол маалда шыпшынып, мындан башка кадр табылбай калдыбы дегенин укканбыз.

Көрсө, Эшимбеков энергетика тармагында 33 жылдан бери иштеп, кайсы жерден кан соргонду билип, коррупцияга каныгып бүткөн неме экен.

Бүгүн көнгөн адаты менен жемкорлуктун торун жайып, «шабашканын» араанын ачканы каңкууланууда.

Аталган тармактын ийне жибине чейин өздөштүргөн бул эргулдун былыктуу иштерин органдар качан иликтейт? Же, «бармак басты, көз кысты» саясаты калкалап калуудабы?

Булак: “Де-Факто”

Последние новости