www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили 2-октябрда мекенине кайтып барарын билдирди. Бул күнү Грузияда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Учурда Украинада жашап жаткан Саакашвили Грузияда өзүнө каршы кылмыш иштери ачылганына карабай Тбилисиге учуп бара турганын Facebook баракчасына жарыялаган видеосунда белгиледи.

«Грузиянын тагдыры чечилип жатат. Грузиянын келечеги сыноо алдында турат. Ошондуктан мен силер менен бирге болуу, силердин [саясий] эркиңерди коргоо жана Грузияны коргоого аралашуу үчүн 2-октябрдын кечине билет алдым», - деди Саакашвили.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили эгер Саакашвили кайтып келсе, ал дароо камакка алынарын эскертти.

«Саакашвилинин буту биздин жерге тиери менен ал кармалат жана түрмөгө жөнөтүлөт», - деди Гарибашвили.

Саакашвили президент болуп турганда «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» жана «парламенттеги оппозициячыл депутаттын сабалганын жаап-жашырган» деп айыпталып, 2018-жылдын июнь айында алты жылга сыртынан түрмөгө кесилген. Мурдагы грузин президенти бул айыптарды саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

Грузияда өткөн жылдагы парламенттик шайлоодон бери бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы менен Саакашвили колдоо көрсөткөн оппозициянын ортосунда чыңалуу өкүм сүрүп келет. Оппозиция былтыркы шайлоо бурмаланганын билдирсе, бийлик мындай айыптоолорду четке каккан.

Эске салсак, 53 жаштагы Саакашвили 2013-жылы грузин президенттигинен кетип, «Евромайдан» окуяларынан кийин Украинага келген жана бир нече убакытка чейин Одесса облусунун губернатору болуп иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости