www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку бир сутка ичинде Орусияда COVID-19га чалдыккан 852 бейтап көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Орусияда коронавируска каршы эмдөө жай жүрүп, вирустун "Дельта" варианты да жайылып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин коронавирустан каза болгондордун бир күндүк эң жогорку көрсөткүчү 24-сентябрда катталган. Анда бир сутка ичинде 828 бейтап COVID-19дан кайтыш болгону кабарланган.

Расмий эсепке ылайык, Орусияда коронавирустун жалпы курмандыктарынын саны 205 миңден ашты. Бул Европа чөлкөмүндөгү эң жогорку сан.

Орусия коронавирус эң көп адамга жуккан дүйнөдөгү бешинчи мамлекет. Расмий статистика боюнча, бул өлкөдө 7 миллиондон ашуун киши коронавируска чалдыкты.

Соңку апталарда вирус Москвада көп катталып жатат. Орус баш каласынын мэринин орун басары Анастасия Ракова билдиргендей, учурда Москвада коронавируска чалдыккан жаңы бейтаптардын баарынан тез жайылуучу "Дельта" варианты табылып жатат.

Ал эми Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус эки адамдын өмүрүн алды. Республикалык Штабдын маалыматы боюнча, көз жумган эки бейтап коронавируска каршы вакцина алган эмес. Жалпысынан 2 604 киши коронавирустун курмандыгы болду.

Азыркы тапта стационарда 476, ал эми амбулатордук шартта 811 адамдын дарыланып жатканы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости