www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-июнда Бишкек шаарында Night Run (түнкү чуркоо) марафону өтөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ага 3 500дөн ашык адам катышары күтүлүүдө.
Марафон "АЮ-Гранд" соода борборунун жанында саат 19:30да башталып, 23:00гө чейин созулат.
Жарыш Шабдан баатыр проспектисинин түштүк тарабы менен Лермонтов көчөсүнөн Мухтар Ауэзов көчөсүнө чейин, ошондой эле Чокан Валиханов көчөсү аркылуу Анкара көчөсүнөн Шабдан баатыр проспектисине чейин эки багытта өтөт.
Спорттук иш-чарага байланыштуу 13-июнда саат 20:30дан 23:00гө чейин жогоруда айтылган аймактарда жол кыймылы убактылуу чектелет.
Белгиленгендей, түнкү чуркоо Nomad Sport коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулууда.