www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын Николаев облусунун прокуратурасы 28 жаштагы Кыргызстандын жаранына карата кылмыш ишин сотко өткөрдү. Ал Украинанын Коргоо министрлигине караштуу чалгын кызматкерин өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталууда.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, шектүү Орусиянын атайын кызматы тарабынан жалданып, Украинага келгенден кийин жашыруун байланыш каражаттарын сатып алып, кийин Киевде курал жана бута тууралуу маалымат алган.
Украин бийлиги аны кол салууга даярданып жаткан учурда кармаганын билдирүүдө. Кармоо учурунда анын жанынан курал, ок-дарылар жана байланыш үчүн колдонулган телефон табылган.
Шектүүгө атайылап адам өлтүрүүгө аракет кылуу, агрессор мамлекетке көмөктөшүү жана курал-жаракты мыйзамсыз сактоо боюнча айыптар тагылган. Эгер күнөөсү далилденсе, өмүр бою эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланышы мүмкүн.