www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Малайзиянын примьер-министринин иш сапары менен Кыргызстанга келүүсүнө байланыштуу 15-16-майда Бишкек шаары жана Чүй облусундагы айрым көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, атап айтканла:
– «Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
– Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейин;
– Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
– Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
– «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.
«Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg