www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-2024-окуу жылын жыйынтыктоочу «Акыркы коӊгуроо» салтанаттуу иш-чарасы 25-май күнү билим берүү мекемелеринде өткөрүлөт.
Ага ылайык, Ош облусунун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде, коомдук жайларда жана көчөлөрдө коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын күч каржатынын эсеби чыгарылып, жетекчилик курамдан жооптуулар бекитилген. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
"Урматтуу ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр! 25-май күнү “Акыркы коӊгуроо” салтанаттуу иш-чарасын билим берүү мекемелеринен сырткары жакта анын ичинде айдоочулук укугу берилбеген окуучулардын автоунаа айдоосуна, ошондой эле, жаратылыш койнунда же болбосо, башка эс алуучу жайларда өз алдынча белгилөөгө тыюу салынганын Ош облусунун ички иштер башкармалыгы эскертет. Эгерде мындай учурлар аныкталса, уюштуруучуларга жана катышуучуларга карата тийиштүү чаралар колдонулат.
Келечек ээлери болгон балдарыбыздын күтүлбөгөн кырсыкка кабылып калуусун алдын алалы",-деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg