www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы 30-сентябрда жаратылыш газы үчүн карызы бар абоненттерге газ берүүнү токтотот. Карызды 30-сентябрга чейин төлөө зарыл.

Өчүрүлгөндөн кийин газ берүүнү кайра калыбына келтирүү үчүн абоненттер газ боюнча карызын толугу менен төлөшү керек. Төлөмдү «Мой газ», «Мой дом» тиркемелери жана банктардын мобилдик тиркемелери (BAKAI, MBank ж.б.) аркылуу же абоненттерге кызмат көрсөтүүчү жакынкы офистен жүргүзсө болот.

Газ берүү карыз төлөнгөндөн кийин эки-үч жумушчу күндүн ичинде кайра калыбына келтирилет.

Суук түшөр алдында газсыз калбоо жана кайра туташтырууга пайда болуучу кезектен качуу үчүн «Газпром Кыргызстан» абоненттерден карызды 30-сентябрга чейин төлөөнү суранат.

Последние новости