www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда аскердик машыгуу учурунда аскер кызматкерлеринин каза болушуна байланыштуу Куралдуу күчтөрдүн беш жооптуу кызматкери кармалды. Алар кызматтык шалаакылыкка жана оор кесепеттерге алып келген кеме башкаруу эрежелерин бузууга шектелүүдө.

Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында штаб башчысы, Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысынын биринчи орун басары, эки аскер бөлүгүнүн командири, ошондой эле деңиз жөө аскерлер ротасынын жана катердин командирлери бар.

Шектүүлөрдүн бардыгы Актау шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Аскер кызматкерлеринин каза болушу боюнча сотко чейинки тергөө иштерин ИИМдин аскердик-тергөө бөлүмү жүргүзүүдө.

Тергөөдө 24-сентябрда «Хазар Қорғаны – 2026» машыгуусунун алкагында Актау шаарынан 43 чакырым алыстыкта «Қайсар» катеринен аскер кызматкерлерин түшүрүү учурунда аба ырайынын катаалдыгынан улам аларды деңизге толкун алып кеткендиги аныкталган.

Учурда машыгууну уюштуруу боюнча чечимдердин кабыл алынышы, коопсуздук талаптарынын сакталышы, гидрометеорологиялык шарттардын эске алынышы, катердин техникалык абалы жана аскер кызматкерлеринин коопсуздугуна жооптуу адамдардын аракеттери иликтенүүдө.

Тергөө иштеринин жүрүшү ИИМдин жана Башкы прокуратуранын өзгөчө көзөмөлүндө.

 

Последние новости