www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саркынды суу түтүктөрүн куруу иштерине байланыштуу 18-19-июль күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Нарын шаарынын 64 аймагынан өткөн бөлүгүндө жол бир тараптуу жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалык айдоочулардан убактылуу ыңгайсыздыкты туура түшүнүү менен жол эрежелерин сактоого, өзгөчө түнкү каттамдарда этият болууга чакырат.

Белгилей кетсек, Нарын шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен калкты таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу системасын калыбына келтирүү долбоорунун алкагында жалпы 12 чакырым канализация тутуму жаңы курулуп, саркынды суу тазалоо жайы курулууда.

Последние новости