www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пекин - Бишкек - Пекин багыты боюнча каттамдар ачылат

“Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун айтымына караганда, Кытай Эл Республикасынын улуттук авиакомпаниясы Air China Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачат.

Каттамдар заманбап Airbus A321 үлгүсүндөгү учактар менен жумасына үч жолу – дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Air China авиакомпаниясынын Кыргызстандын рыногуна кириши өлкөнүн жарандык авиациясы үчүн маанилүү окуя болуп саналат. Азиядагы эң ири авиакомпаниялардын биринин Кыргызстанда ишмердүүлүгүн башташы өлкөбүздүн дүйнөлүк алдыңкы авиаташуучулар үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын тастыктап, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын мындан ары өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бул “Кыргызстан аэропорттору” ААК тарабынан эл аралык каттамдар тармагын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын транспорттук байланыштарын чыңдоо багытында жүргүзүлүп жаткан ырааттуу иштердин жыйынтыгы болуп саналат.

Последние новости