www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевди сынга алды.

Эске салсак, министр Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдүн жанындагы унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги тууралуу суроого жооп берип жатып: «Адегенде турак жай маселесин чечип алыш керек, андан кийин унаа токтотуучу жай маселесин карайбыз. Ооба, баарыбыз унаа мингибиз келет, бирок адегенде насыяны төлөп бүтүп, анан машина сатып алалы», — деген.

17-июлда «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун биринчи этабынын жыйынтыгын чыгарууда Касымалиев министр жакшы даярданганын, бирок ушул билдирүүсү анын бардык аракетин жокко чыгарганын айтты. Анын айтымында, министрдин сөзү коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

«Жарандарыбыз күнү-түнү эмгектенип, жылдап акча чогултуп, турак жай алуу үчүн насыя алышат. Министр болсо аларга качан унаа сатып алуу керектигин үйрөткөндөй сүйлөп жатат. Мындай сабатсыздык болбошу керек. Ар бириңер бул окуядан сабак алышыңарды талап кылам», — деди Касымалиев Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө.

Последние новости