www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 1-марттан тарта үч автобус каттамы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, “Сарбан айылы – Ак-Бата конушу” багыты боюнча каттаган №23 автобустун акыркы аялдамасы өзгөрөт. Эми ал Ак-Батанын ордуна Алтын-Казык конушуна чейин барат. Аны менен бирге №23 Курманалиев көчөсү менен эмес Кыргызстан көчөсү менен жүрүп, “Сарбан айылы – Алтын-Казык” конушу багыты боюнча каттайт.
Ошондой эле «Алтын-Казык конушу – Поле Чудес конушу» багыты боюнча каттап келген №17 автобустун акыркы аялдамасы өзгөрөт: «Алтын-Казыктын» ордуна автобус «Красный Строитель» конушуна чейин барат.
Жүргүнчүлөр №17 жана №17Т автобус каттамдарын алмаштырып алып жаткандыктан №17Т каттамы №77 деп өзгөртүлөт. Мурда №17Т автобус «Булгаары” заводу – 12-кичирайон» багыты боюнча каттап келсе, эми автобус Курманалиев көчөсү менен Ак-Бата конушуна чейин бара турган болот. №77 автобус “Ак-Бата конушу – «Булгаары” заводу – 12-кичирайону” каттамы менен жүрө баштайт.