www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалган кылмыш тууралуу билдирүү үчүн жашы жете электер милицияга жеткирилди, деп билдирди 27-февралда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы.

23-февралда саат 20:45 чамасында «102» кызматына 17 жаштагы кызды унаага салып, уурдап кетишкени тууралуу маалымат түшкөн.

Кызды издөөгө Свердлов РИИБдин жана Бишкек ШИИББдин өздүк курамы тартылган. Бирок милиция кызматкерлери бул тамаша экенин жана эч кандай адам уурдоо болбогонун аныкташкан.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында 2007-жылы туулган Ш.С. жана 2008-жылы туулган А.У. аттуу өспүрүмдөр милицияга жеткирилген. Алар ата-энелеринин катышуусунда суракка алынып, аларга карата административдик протокол түзүлдү.

Последние новости