www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Узаган жыл Райымбек Матраимовго оор сыноо берди. Камалды, жүрөгү ооруду. Мамлекетке жардам катары 2 миллиард сом которуп берди (имарат, квартираларды кошуп). Жамандыктын баары ошону менен чыгып кетсин!

Эми келечекке карай кам көрүп, элдин пайдасына кыла турган саамалыктарды баштоого кез келди. Райым мырза мамлекеттик кызматка барбай деле жаңы долбоорлор менен иштегенге, инвестиция тартканга дарамети жетет.

Бирок бийлик тарабынан кепилдик берүү зарыл. Ансыз да буга чейин Кыргызстанга ири инвестициялар кирбей калганы, үч ирет жасалган төңкөрүштүн кесепети тийгени ырас. Мындай шартта мамлекеттин туруктуулугун камсыздап, ириде ишеним жаратуу маанилүү.

Ошондо гана Райымбек Матраимов булактын көзүн ачкандай жаңылыктарын тартууласа керек. Азырынча күтүү доошу угулгандай. Кантсе да бул жылы жигердүү иштер жанданып, натыйжалуу демилгелердин башталарын божомолдоп туралы...

Булак: Азия News гезити

Последние новости