www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандагы кылмышкерлерди жок кылуу боюнча атайын операциянын жүрүшүндө 26 кишинин көзү тазаланды. 18 куралдуу адам жаракат алган. Атайын операцияда 3 миңден ашуун киши кармалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып «Хабар 24» мамлекеттик телеканалынан билдиришти.

Алматы шаарында бүгүн, 7-январь күнү да атайын операция уланууда. Казакстанда башаламандык аяктай элек жана бул соңку окуялардан каза болгондор, жаракат алгандар тууралуу так маалымат белгисиз болууда.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган.

Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости