www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде бала кезинен чыгармачылык менен алек болуп теленин жүзү, радионун үнү болууга жетишкен жаш жеткинчектердин саны аз. Алардын катарын Эстебес Керимов толуктайт. 

Туулган жери- Бишкек шаары

Туулган жылы, айы- 2001-жыл, 8-август

Жылдыз белгиси- Арстан

Билими- №82 орто мектептин 7-классынын окуучусу

Кумири- Мээрим Керимкулова

- Эстебес, алып баруучулук кесипти аркалоо сенин балалык кыялың беле же себеби жок эле телеге аралашып калдыңбы?

- Бала чагымда менин оюмда алып баруучулук кесипти аркалоо тап такыр жок болчу. Балалык кыялдарымда милиционер, юрист, спорстмен же доктур болуу эле. Азыр болсо балалык кыялдардын бирин да ишке ашыргым келбейт. Себеби, азыркы кыялым, алдыга койгон максатым теле алып баруучу, диктор болуу.  

- Телеге, радиого кантип келип калдың?

- 3-класска жаңы кирип окуп баштаганымда “Балдар.fm” радиосунун “Тапкан тапалак” деген оюна катышып калгам. Ал оюндан үч табышмакты таап жеңүүчү аталып, компакт-диск утуп алгам. Ал кезде “Коомдук канал” кайда экенин билчү да эмесмин. Телефон чалып дарегин сурап, белегимди алганы барып, радиодо, теледе эмгектенген Алмаз Касымалиев байке жана Мээрим эже таанышып калгам. Анан “Менин да радиодо сүйлөгүм келет. Кызыгам” десем, үнүмдү текшерип көрүштү. Ар кандай көнүгүүлөрдү жасатып жактырышты. Мээрим эженин жардамы менен көп китеп окуп, жаңылмачтарды жаттап, макал-лакаптарды, көп нерсени үйрөнүп иштеп калдым.    

- Ошол маалда сен каяка кадам таштап жатканыңды билген белең?

- Ооба. Эң биринчи радиого келгенде өзүмдү кичинекей бала экенимди билип, алдыга кадам таштоо керектигин түшүнгөм жана умтулгам. Андан кийин алып баруучу, журналист, диктор болууну самадым. Азыр алып баруучу болуп жүрөм. Дагы бир аз эс тартсам калган эки максатымды ишке ашырам.  

- Сени дем алуу күндөрү “Баарын билигим келет” көрсөтүүсүн алып барып жатканыңды көрөбүз. Бул берүүнү кантип алып барып калдың?

- Радиодо эки жыл иштеген соң, бул берүүнү алып барып жүргөн Айдай экөөбүз бир жаңы жылдык берүүнү алып барып калганбыз. Мага чейин Айдай Улан деген байке менен алып барып жүрчү. Ал байке чоңоюп, үнү да өзгөрүлүп кеткендиктен аны кетирип мени чакырышкан. Бул берүүнү алып барып жатканыма эки жылдан ашып калды. Азыр мен да чоңоюп, үнүм да өзгөрүлүп бара жатат мени да эми кетиришет болушу керек.

- Эң алгачкы берүүң тууралуу айтып берсең. Кантип тартылгансың? 

- Теледе иштеп баштаганымда сценарий бергенде жаттай албай, камерадан сүрдөгөн күндөрүм көп болду. Мага берилген текст кыска, оңой эле болуп турса да, мен үчүн абдан узак айта албагандай боло берчү. Эң биринчи сьёмкамда жакшы тартыла албагандыгымдан болбой калган. Ал берүүнү “Детский мир” соода түйүнүнөн тартканбыз. Мени чакырышканда эч нерсени түшүнбөй, кандай кийиништи билбей костьюм шым, ак көйнөк кийип алып баргам. Көрсө андай эмес, эркин кийинип барышым керек экен. Анан костьюмумду чечип, көйнөгүмдүн жеңин түрүп тартылганым эсимде. Ошондо мага өөлө кыйын болгон (күлүп). Азыр баарына көндүм. Текстти тез эле жаттап, тез эле тартылып калдым.  

- Алгачкы берүүң жарабай калганда жетекчилериң эмне дешти эле?

- Менин көңүлүмдү түшүрүп, шагымды сындырышкан жок. Тескерисинче дем күч берип, аракет кылсаң баары болот дешкен. Ал учурда радиодо балдар аз, кыздар көп болчу. Берүүнү алып барганга даяр балдар да жок болгондуктан, мени менен көбүрөөк иштешти. Мен көнүп, иштеп баштаган соң Калзат менен Канат чыга башташты. Бир жумада биз эфирге чыксак, кийинки жумада алар чыгышат.

Алардын келиши бизге да абдан жакшы болду. Сабактардан көп калбай калдык. Берүү экинчи, үчүнчү күндөрү тартылчу. Тарых сабагы мага бир жумада бир эле экинки күнү кирчү. Анан берүүгө тартылам деп экинчи күн сайын сабактан кала бергем. Сабактарымдын баардыгын жалаң “5” деген баага окучумун. Тарых сабагын “5”ке окуп, эжеден сурансам да “Сабакка келген жоксуң “4” коем” деп салган. Үчүнчү чейрек чечүүчү чейрек да болгондуктан, аны ондоого болбойт эле. Класс жетекчим болсо “Бир “4” болсо эч нерсе болбойт. Алдыңкы окуучусуң да” деп мени сооротуп койгон (күлүп).

- “Баарын билигим келет” көрсөтүүсү кантип, канча убакытта тартылат? Биздин окурмандарга кеңири маалымат берсең...

- Көрсөтүү 40 мүнөттүк. Бул берүүдөн биз балдарга, жаш жеткинчектерге кызыктуу, пайдалуу маалыматтарды бергенге аракет кылабыз. Бир берүү болжол менен эки, үч күн тартылып, анан даяр болот. Тартылып жаткан маалда көп эмгек, энергия кетет. Эң өкүнүчтүүсү эки, үч күн жүрүп тарткан берүүбүз 40 мүнөттүк болуп эле чыгып калганында. Баары тен оңой эле тартылып калат деп айтпайм. Себеби, көп дубль кылабыз. Окшошпой калса улам-улам тартылабыз. 

- Сен алып барган ар бир берүүңдү теледен көрүп турасыңбы?

- Ооба, сөзсүз түрдө. Көрүп, менден кеткен катачылыктарымды оңдогонго аракет кылам. Көп көрүп олтуруп катачылыктарымды жоюп турам. 

- Жумушка кечигип же келбей калган күндөрүң болобу? Андай учурда жетекчилигиң сени кантип жазалайт?

- Бул жерге келгени мен жакшы менен жамандын айырмасын билдим. Баарын түшүнөм, билем. Кечигип калсам мени күтүп турушат. Экинчи кечикпегенге аракет кылам. Кээде урушат. Урушканда бизди жаман сөздөр менен урушушпайт. Тескерисинче бизди жакшы адам болууга үндөшөт.

- Ата-энең, кесиптештериң, классташтарың, мугалимдериң сени менен кантип сыймыктанышат?

- “Бүгүн жакшы тартылдың. Мындан кийин да жакшы алып барып жүр. Күлүп алып бар” деп көп айтышат. Күлүп алып барганга аракет кылам. Бирок, эмнегедир күлгөнүм башкача болуп калат. Мектепте тентек балдар көп. Алар мугаимдерди жаман көрүшүп, жаман сөздөрдү айтышып шылдыңдай беришет. Аларды мен тартиби жок балдар деп билем. Алар классты артка тартышат. А мен тартиптүү, башка балдарга мисал боло турган жигит болгонго көп аракет кылам. Жакындарымды таарынткым келбейт.

- Классташтарың тууралуу кеп салып берсең?

- Биздин класста жалпы 33 бала билим алабыз. Жигиттердин саны бизде көп. 20 бала, 13 кыз билим алышат. Биздин класста балдар көп болгондуктан, мектепте эң бейбаш класс катары таанымалбыз. 2-классымдан тарта класстын билим берүү министримин. “Класстын президенти бол” дешкенде мен карыш болгом. Себеби, теледе, радиодо иштеп анан башка иштерге жетише албагандыктан, макул болгон эмесмин.

- Мектепте майрамдарды кандай өткөрөсүңөр?

- Кичирээк кезибизде майрамдарды абдан күтчүбуз. Азыр болсо көп деле маани бербейбиз. 8-март, 23-фераль болгондо бизде проблемалар башталат (күлүп). Балдар көп болгондуктан, кыздар “Биз силерге көп белек бердик. Бизге да силер көп белек бергиле” деп таарына эле беришет. Быйыл жакшы майрамдаттык. Кыздарыбыз ыраазы эле болушту окшойт.

- Мектепте сени жактырган же сен жактырган кыздар барбы? 

- Билбейт экенмин.

- Уялып калдыңбы?

- Жок... Неге уялам? Азырынча кичинекеймин го... Өзүм сүйгөн кыздар да пайда боло элек. Бир аз эс тартсам ага да жетем...

- Эми үй-бүлөң тууралуу айтсаң?

- Ата-энем бар. Өзүм төрт бир тууганмын. Улуу эжем, мен, иним, карындашым бар. Биз бактылуу жашайбыз!  

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости