www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК  депутаты  Дастан Бекешев бир катар маалымат булактарын сотко берди. Бул тууралуу саясый сынчы Темирлан Ормуков өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Темирлан мырза, “asianews.kg”,  “teznews.kg”, “kyrgyztoday.kg” сайттарын жана "Алиби" гезитинен 1млн. сом абройго шек келтиргендиктери үчүн моралдык зыян өндүрүү  доосун койгон. Негизги дооматтын өзөгү аталган маалымат булактары Темирлан Ормуковдун пикирин жалпыга жарыялагандыгы үчүн.

Дастан Бекешев ушундай эле доо арызы менен азиздер коомунун мүчөлөрү 1-топтогу майыптар И. Султаналиевди, Тобокел уулу А. Темирбаева Ж. аттуу жарандарды сотко берген. Айта кетчү жагдай баардык маселенин себептери Д. Бекешевдин азиздер коомундагы мыйзамсыз аракеттеринен келип чыккан.

Негизинен бир чатак иш ырбап кеткенден гана болгон ызы-чуу. А бирок Д. Бекешев бир эле доомат менен бир нече адамга ар кайсы сотко доо арызын тапшырган. Жалпысынан Бекешевдин доо арызы боюнча 8 жоопкер Бишкектин төрт райондук сотторунда иштер кароодо. Доомат биро баягы эле "аброй" эгер чындап аброюн коргогон адам 8 жоопкерди бир эле райондук сотко берип чечишмек. Бекешевдин мындай жоругун боюнда болуп калган кыздын аракетине салыштырса болот. Ар ким менен жүрө берип акыры кимден боюнда болгонун билбей курсактагысынын атасын издеген кыздай ар кимге догурунган сыяктуу.
СДПК мүчөлөрүнө айтаар элем алгач абройлоруңарды кийинтип таза алып жүрсөңөр  эч кандай маселе жаралбайт. Албетте эгер дырдай жылаңач болуп абройлоруңар көчөлөп жүрсө илибой адам кызыгат анан шек келтирип кетет. Тем более жоопкерлердин жарымы бойдок болсо...- деп жазган өзүнүн Фейсбук баракчасына Темирлан Ормуков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости