www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-майда  КР мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй башкармалыгынын өздүк курамынын начальниги Жаныбек Жакыпов жана кесиптештери Энелердин күнүнө карата, Ысык –Ата районуна караштуу Карагай –Булак айлынын тургуну 106 жаштагы Серги апаны куттуктап барды.

"Серги тайэнем ушул тапта, 106 жашта. Күүлүү-күчтүү. Эки небере, 5 чөбөрөсү бар. Тайнемдин жашы 106 жашта болгону менен абдан кайраттуу. Тайэнемди “аристократка” деп коебуз, кыйшыйып же бүкчүйүп баспайт. Анткени, басканда дагы өзүн тике кармап,  тың жүргөнгө аракет кылат. 4 жыл мурда “жаагым ооруп жатат” деп эле улам айтат. Колумду салып көрсөм тиш чыгып калыптыр. Мурда чачы апапак болчу, азыр чачы карайып баштады. Эл арасында айтылып жүрөт эмеспи, адамдын жашы жүздөн ашканда тиши чыгып,  жаңырат деген. Көрсө чын эле экен. Тайнеме диета сактабайбыз, сууга бышырылган тамак берсек сууктап ооруп калат. Чучук, бышырылган эт, камыр тамак жегенде өзүн жакшы кармайт. Мен неберси болом. Апам жеке жумуштары менен чыгып кеткен эле”, - дейт небереси Ширин.

106 жаштагы Серги апанын жашы карылыкка алдырганы менен, кеңпейилдиги байкалып турду. Анткени апа чек арчылардын ар бир сөзүн жүрөгү менен туюп, тынымсыз батасын берип турду.

Күйөө баласы Карынбек, “Апам эмес мен дагы карылыккка моюн сунуп бара жатам. Апабызга көз тийбесин, тың. Менин оюмча апам, бул жашынан да өйдөөрөк. Себеби, бүт документи күйүп кетип, эмгек китепчеси деги койчу баары жокко чыгып кеткен экен. Тылда жүрсө дагы биз ойлогонбузда эмгек кылды деп эле . Ошентип кыргызчылык кылып апабызга тийштүү документтердин баары жок болуп кеткен.

Жергиликтүү бийлик айыл өкмөтү 106 жаштагы апанын бар экенин быйыл эле билип, карыялар күнүндө 1000сом алып келип берди. Былтыр дагы жергиликтүү мэрия 1000сом алып келип берген. Ал эми, мамлекеттик деңгээлде мамлекет тарабынан эч кандай колдоо көрсөтүлгөн жок. Согуш жылдары күйөөсү согушка кеткен боюнча кайра келген эмес. Ошол жалгыз кызы менен калып, жүздөн ашуун баланы бакты”, - дейт.

Ошентип апа, жалгыз кызына шерик болсун деп, көптөгөн уул-кызды багып өстүрүп, татыктуу мерчемдүү өмүрүн өтөп карылык доорду нарктуу өткөрүп жаткан учуру экен.  Жакшы каруу – парз, жаштарга үлгү демекчи, нарктуу карыя аталып, бүгүн мамлекеттик деңгээлде болбосо дагы бүгүн, КР мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй башкармалыгынын өздүк курамы 106 жаштагы апанын, чайын ичип батасын алып кайтышты.

Булак: NazarNews.kg

Серги апа жөнүндө кыскача баянды төмөнкү тасмадан көрүңүздөр:

Последние новости