www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-майда  КР мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй башкармалыгынын өздүк курамынын начальниги Жаныбек Жакыпов жана кесиптештери Энелердин күнүнө карата, Ысык –Ата районуна караштуу Карагай –Булак айлынын тургуну 106 жаштагы Серги апаны куттуктап барды. Убакыттан пайдаланып маек алганга жетиштик.

-Жаныбек мырза, учурдан пайдаланып Кыргызстандагы чек ара жана чек арачылар жөнүндө айтып кетсеңиз...

-Чек ара кызматкерлеринин абалы жакшы.  

-КР мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй башкармалыгынын өздүк курамында канча кызматкер бар?

-Ал мамлекеттик жашыруун сыр болгондуктан ачыкка чыкпайт.

-Чек арада кандай өзгөрүүлөр болуп атат?

-Жылдан-жылга өзгөрүүлөр  болуп жатат, өзгөрүү токтоп калды дегенден алысмын. Учурда мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев, чек ара кызматкерлерине жакшы көңүл буруп батирлерди берип колдоп келе жатат. Албетте бул жакшы көрүнүш. Техникалар көбөйдү.

-Канча жылдан бери чек ара кызматында иштейсиз?

-26 жылдан бери чек ара кызматында иштеймин...

-Чек ара кызматын аркалаганыңыз үчүн сыймыктанасызбы?

-Ооба албетте, ошондуктан 26 жылдан бери оор-сыноолордун баарына чыдап, өз кесибимдин ысыгына күйүп суугуна тоңуп келе жатам. Кесибиме сыймыктанам, өзүңдүн мамлекетиңе кызмат кылуу кандай жакшы.  

-Сиздерде чек ара кызматында жүрөк өйүгөн маселе жокпу?

-Жок десем дагы болот...

-Канча балаңыз бар?

-Бешөө

-Энелер күнүнө карата жубайыңызга кандай белек бересиз?

-Билбеймин.

-Байкашыма караганда Эне дегенде эт жүрөгүңүз менен эзилип кетет экенсиз, жубайыңызды ачууңуз келгенде анча-мынча опузалап, кол тийгизип көрдүңүз беле?

-Жок, албетте, ал мени сабайт, мен андан корком. Тамаша, биз экөөбүз тен жогорку билимдүүбүз. Мүмкүн кийин карыганда кашык менен сабап көрөм го(тамашалап)

-Энедеги бакыт эмнеде?

-Балада, бала жытын эңсегенде...Эне карыгнда бак

-Көбүнчө эмне менен сыймыктанасыз?

-Апам менен, апам менин бактым...

-Бүгүн, сиздер 106 жашка чыккан апаны куттуктап келдиңиздер, кандай сезимдер пайда болду?

-Жашоомдо сөз таппай калган учурум болгон эмес. Мына бүгүн 106 жаштагы апаны көргөндө сөз таппай калып сүрдөдүм. Караңызчы кандай бакыт. Мындан ары Серги апаны өзүм колдоого аламын. Караңызчы 106 жылдын жазын көрүп жаткан апага күнүгө таазим кылуу аздык кылат.

-Энелер күнүнө карата калооңуз...

-Чүй башкармалыгынын өздүк курамынын атынан жана өзүмдүн атымдан Кыргызстандагы баардык Энелерди куттуктаймын. Дүйнө элиндеги энелер бар болсун. Энелерге чың ден соолук, бакыт каалаймын. Эне деген теңдешсиз. Кандай гана адам болбосун, кыйынчылыкта энесин эстейт. Ошондуктан энелер аман болсун.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости