www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катары Улан Карагуловдун дайындалганын бир жыл мурда укканбыз. Тилекке каршы, «эт менен челдин ортосунан арылбаган" бул кадрдын элге жасаган кыпындай да эмгегин көрө элекпиз.
Деги Чүйдө губернатор барбы? Болсо эмне иштер менен алектенип жүрөт? Миллиондон ашык калкы бар Сары Өзөндү дал ушундай кашан кадр артка тартып атса, эмнеге адилеттүү пикирлери менен коомчулук ойгонбойт? Чүйлүктөр момун, кенебес калк болот эмеспи, анүстүнө өлүгүн бирөөгө арта салышпайт, барга каниет кылыл, тек гана топукчулук менен жашап келишет. Келген-кеткендердин баарын батырып... Таңгалычтуусу, губернатор катары Улан Карагулов эл менен тыгыз иштеп, толгон-токой көйгөйлөрду чечүүдө элине бел болбойбу? Эгерде иштей албаса, анда татыктуу кадрга ордун бошотсун да, туурабы? Азырынча кулак-кагыш катары коңгуроо кага туралы.
Булак: "Азия ньюс"