www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эти таластык, сөөгү кочкорлук Корчубек Акназаров

Советтик заман тамам болор алдында 1989-жылы СССР Жогорку Советине шайлоо өтөт. Кочкор-Жумгал шайлоо округунан негизги талапкер катары Кочкор районун ал кездеги «боссу» маркум Корчубек Акназаров менен Кыргызстанды титиретип турган ал кездеги Акназаров менен Үсөн Сыдыков эрөөлгө чыгып, байгени Акназаров жеңип кетет. Ал кезде мектеп салынуу үчүн фундаментке казылган аңдардын кээ бири отуз төрт жылдан бери көмүлбөй турат.

Кочкорду Корчубек Акназаров он сегиз жыл жетектеген. Кочкор району 1930-жылы уюшулган. Райкомдун биринчи катчылары болуп 1933-34-жылдары Токин, 1934-1935-жылдары Эшимов, 1935-36-жылда Далбаев, 1937-жылы Алымов, 1938-жылы Иманалиев, 1938-39-жылдары В.И. Полный, 1939-40-жылдары Тыналиев, 1940-42–жылдарда Т. Аламанов, 1942-45-жылдары Ө. Носинов, 1945-47-жылдары А. Аблабеков, 1947-49-жылдары Ж. Таласбаев, 1949-51-жылдары Хамзабулин, 1952-53-жылдары Тыныбеков, 1954-56-жылдары Ж.Оторов, 1957-60-жылдары М. Султанов, 1960-1962-жылдары М.Чыңгышбаев, 1962-64-жылдары Ж.Турсунов, 1964 -1966-жылдары А. Сыргатаев, 1967-1972-жылдары Кадыракун Базарбаев, 1972-1990-жылдары Корчубек Акназаров, 1990-91-жылдары Төлөбек Абдиев Кочкор Райкомпартиясынын биринчи катчылары болуп иштешкен.

Аким болуп 1992-1994-жылдары Алтымыш Шаршенбаев, 1995-жыл Арстанбек Ногоев, 1995-1997-жылы Эламан Акиев, 1997-1998-жылдары Өмүрбек Кожокев, 1999-2003-жылы Тариел Айтбаев, 2003-жылы Самакбек Керимкулов, 2003-2004-жылдары Кулматов Алмаз Окенович, 2004-2005-жылдары Эркинтур Молдогазиев, 2005-жылы кайрадан Тариел Айтбаев, (2005-жылы он күнчө Качыке Бейшебаев элдик аким делген), 2005-2010-жылдары Байтереков Курманбек. 2010-2012-жылдары Рысбай Сарыбаев акимдин милдеттин аткаруучу, 2012-2014-жылдары Жылдызбек Шералиев андан соң ортодо милдетин аткаруучу Нурлан Керимкулов, 2014-2016-жылдарда Жусупбеков Нурбек иштешкен. 2016-жылдан бери Нурлан Керимкулов, Абыкеев жана башкалар. Токин казак, Ж. Турсунов уйгур, А.П. Польный орус, Ө. Носинов, М. Султанов сарт калмак улутунан болушкан.

Белгилүү коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин советтик-партиялык ишмери, Социалисттик эмгектин баатыры жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгын өткөрүү боюнча ведомстволор аралык биринчи жыйын өттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, жыйында 100 жылдыктын алкагында жасала турган иштер жана пландар талкууланды.

Учурда министрлик тарабынан жыйында каралган сунуштарды иштеп чыгуу иштери жана иш-чаралардын планы толукталып жатат. Жыйын таданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы алдында өтүп, ага Корчубек Акназаровдун уул-кыздары, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана кызыкдар тараптар катышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости