www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Полковник Дамир Алыбаев жаңы кызматка дайындалды

Полковник Дамир Алыбаев ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. 13-августта ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Дамир Алыбаевди өздүк курамга тааныштырды.

Алыбаев Дамир Картанбаевич 1978-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бириккен айылында туулган. 2000-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылган.

2008-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын жана 2012-жылы Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Москва шаарындагы Аскер университетин аяктаган. Кызматтык ишин 2001-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 7702 аскер бөлүгүнүн патрулдук ротасынын взводунун командири болуп баштаган.

2019-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчынын орун басары – штаб жетекчиси болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости