www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам качан бактылуу боло алат?

Үйлөнүп, үй-бүлө курган алгачкы күндөрү эми мындан кийин жашоо биз үчүн өзгөчө болоруна өзүбүздү ишендиребиз. Кийин балдар пайда болгондо “жакшы өмүр башталат” деп ойлойбуз. Кийин алар чоңойгондо “чыныгы бакытка жетсек керек” деп коёбуз. Ушул сыяктуу, чоңойгондо, жумушка киргенде, жаңы унаа алганда, пенсияга чыкканда дегендей, ар бир жаңы өзгөрүшкө кол жеткизгенде “жашоонун ырахатына, бакытына кездешебиз” деп үмүттөнөбүз.

Мындай ойлогонубуз бакытка алып барган жолдун бул эмес экенин көрсөтөт. Ал эми негизги чындык болсо – азыркы күндөр. Эгер буга макул эмес болсоңуз, анда кайсы убакыт? Өмүрүбүздүн баардык учуру күрөшкө толо болору анык. Андай болсо, эң туурасы – чындыкты өзү боюнча кабыл алып, ар бир учурдун өзүнө таандык бакытын көрө алуу.

Альфред Д’Соуза мындай деген экен: «Узак убакыттан бери бактылуу өмүрдүн (жаңы, чын өмүрдүн) башталышын күтүүдөмүн. Бирок качан болбосун жолумда бир тоскоолдук, жетиш керек болгон максат, бүтпөй калган тиричилик, бериш керек болгон карыз, күтпөгөн жумуштар чыгып турду. А менин оюмча чыныгы жашоо ошондон кийин башталыш керек эле. Бирок ошол тоскоолдуктардын баары менин өмүрүм экенин аягында түшүндүм...»

Андай болсо, дал азыр колубуздагы ар бир мүнөттү, өмүр сүрүп жаткан ар бир күндүн кадырын билели! Убакыт эч кимди күтпөйт, ошону унутпаш керек. Бактылуу болуш үчүн кандайдыр бир өзгөчө учурдун келүүсүн, шарттардын орундалышын бошко күтпөй, кандай учурда болсок да бактылуу болууга маани берип көрөлү.

Булак: Азия News гезити

Последние новости