www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Этникалык кыргыздарга тиешелүү мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө», «Тышкы миграция жөнүндө») өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору каралды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн этникалык кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктук макамын жөнгө салуу сунушталууда.

Талкуу маалында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 2021-жылы 577 этникалык кыргыз «кайрылман» статусун алганын белгиледи.

«Андан тышкары 8 чет өлкөлүк жаранга “качкын” макамы ыйгарылган», - деди ал. Мыйзамдын негиздемесинде белгиленгендей, жалпысынан Кыргызстанда 65 миңден ашуун этникалык кыргыз бар. Алардын 55 миңден ашууну жарандык алса, “кайрылман” статусу 15 миңдей жаранга берилген.

Министрлер кабинетинин өкүлү этникалык кыргыздарга жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык берилерин маалымдады. «Башка чет элдик жарандарга тиешелүү талаптар коюлган. Алсак, алар 5 жылдан кем эмес, визалык режимде, мыйзам чегинде жашашы керек.

Ал эми этникалык кыргыздарга андай талап жок», - деди ал. Талкуудан соң мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости