www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов январдын башындагы нааразылык акциялар жана андан кийинки башаламандыктар учурундагы аракетсиздиги үчүн камакка алынды. Маалыматка караганда, экс-министр Нур-Султан шаарындагы тергөө абагына камалды.

Бектанов Казакстандын Коргоо министри кызматына 2021-жылы августта дайындалган. Быйыл 19-январда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен иштен алынган.

Казакстандагы нааразылык толкуну быйыл 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматыда ири башаламандык менен коштолгон. Бийлик башаламандыктарды митингге чыккандар эмес, сырттан даярдык көрүп келген "террорчулар" уюштурганын билдирген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул билдирүүнү ырастаган эч кандай далилдер көрсөтүлө элек.

Расмий маалыматтарга ылайык, январь окуялары учурунда 227 киши каза болгон. Бийлик укук коргоочулардын чакырыктарына карабастан, көз жумгандардын аты-жөнүн жана алардын кандай шартта өлгөнү тууралуу маалыматтарды жарыялабай келет.

Январь окуяларынан кийин миңдеген киши камакка алынган. Алардын көбү терроризм, жапырт башаламандык уюштуруу, курал-жарак уурдоо сыяктуу кылмыштарга шектелип жатканы кабарланган. Кармалгандардын көбү кыйноого кабылганына даттанышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости