www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2026-жылдын 1-июлуна карата сөөктүү уй этинин орточо баасы 756,9 сомду түздү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, уй этинин эң жогорку баасы Нарын шаарында катталып, орточо 795 сомду түзгөн. Андан кийин Жалал-Абадда — 775 сом, Бишкекте — 760 сом, Таласта — 755 сом, Каракол жана Баткенде — 750 сом, Токмокто — 740 сом болду. Эң төмөнкү баа Ош шаарында катталып, 730 сомду түздү.
Ал эми өлкө боюнча кой этинин орточо баасы 792 сом деп белгиленди.
Кой эти боюнча эң жогорку көрсөткүч Бишкек шаарында катталып, орточо 875 сомду түзгөн. Андан кийин Талас жана Баткен шаарларында — 800 сомдон, Нарын шаарында — 795 сом, Караколдо — 790 сом, Жалал-Абадда — 785 сом, Токмокто — 755 сом болду. Эң төмөнкү баа Ош шаарында болуп, 740 сомду түздү.