www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан 61 адам кесиптик окуусун ийгиликтүү аяктап, тийиштүү сертификаттарга ээ болушту.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 35 адам «официант-бариста», ал эми 26 адам «тигүүчү» адистиги боюнча билим алган.
Учурда өлкөдөгү түзөтүү мекемелеринде соттолгондор үчүн 23 багыт боюнча кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Ал эми 2025–2026-окуу жылында жалпы 722 адам бул программага кабыл алынган.
Мекеме өкүлдөрү мындай окутуу программалары жаза өтөп жаткандардын коомго кайра аралашуусуна жана боштондукка чыккандан кийин жумуш менен камсыз болушуна шарт түзөрүн белгилешти.