www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын ээси Евгений Пригожиндин Санкт-Петербугда жүргөнүн "Русский дом" Борбордук Африка Республикасындагы жетекчиси Дмитрий Сытый Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Маалыматка караганда, аталган сүрөт Евгений Пригожиндин үй-бүлөсүнө таандык Санкт-Петербугдагы "Трезини" мейманканасында тартылган.
Сүрөттө Пригожин Африка өлкөлөрүнүн делегация мүчөлөрүнүн бири менен түшкөн. Анын аты-жөнү жана кызматы тактала элек.
Эске салсак, учурда Санкт-Петербургда Россия-Африка саммити өтүүдө. Ага Африканын 49 өлкөсү (54 өлкөнүн ичинен), 17 африкалык лидерлердин өкүлдөрү катышууда.
Белгилей кетсек, бул экинчи Россия-Африка саммити болуп саналат. Ал эми биринчиси 2019-жылы октябрда Сочиде өткөн. Иш-чарага 47 мамлекеттин лидерлери катышкан.
Эскерте кетсек, 23-июнда "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин Москвага каршы “адилеттик маршы” жарыялаган. Вагнер согушкерлери Ростов-на-Донудагы аскерий объектилерге көзөмөл орнотуп, Орусиянын бир нече аймактарына аскердик техника жана курал-жарак менен кирген. Орус бийликтери Пригожиндин аракетин козголоң аракети катары бааланган. Кырдаал 24-июнда Лукашенконун ортомчулугу менен жөнгө салынган.
Булак: NazarNews.kg