www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кеминде бир райондун электр энергиясын бир жеп койгон майнинг ферма күрүлдөп иштеп жатканын "Азаттык" аныктап чыгарды. Мындайлар дагы канча бар экенин ким билсин?
Өлкөдө болсо энергетикалык кризис дешип, 3 жылга электр тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизип, аймактарда элдин светин бир нече сааттап өчүрүшүп, үнөмдөө болуп жатат. Күз-кыштан чыгуу үчүн Россия менен Түркмөнстандан 3,5 миллиард кВтсаат электр энергиясын сатып алганы жатышканын айтышууда. Бербей коюшса кандай болот? Чоң энергетикалык кооптуулук бар. Анан кандай эле майнинг фермаларга күнү-түнү электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип жатат? Шордуу эл болдук го.
Ал эми Энергетика министри Таалайбек Ибраев мурдун балта кеспей, Нарын дарыясынын бассейнинде суу аз келип, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү төмөн болуп, электр энергиясы тартыштык жаралганын айтты. Чынында Нарын дарыясынын суусу быйыл болуп көрбөгөндөй кирди. Бирок бийлик суу жок деп оозун куу чөп менен аарчып, калпты айтып өлүмүш...
Негизи жыл жаңыргандан бери Кемин шаарында иштеп жаткан майнинг ферма мамлекеттин электр энергиясына туташып алган. Бул негизи туура эмес. Мыйзам боюнча тыюу салынган. Майнинг ферма жеке булактардан, башкача айтканда, чакан электр станцияларынан алууга тийиш болчу.
Кызыгы, мындай ферма Камбар-Ата-2 ГЭСине дагы салынып жатыптыр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзү "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде маалымдады.
Президент Садыр Жапаров Кеминдеги майнинг фермага уруксат берилгенин белгиледи.
"Кеминдеги майнинг ферма алты ай убакыттын ичинде 480 миллион сом энергетиктерге, 225 миллион сом салыкка төлөп берди. Бул акчанын баары мамлекеттин, ошол эле элдин пайдасына түштү. Биз ар бир жасап жаткан ишибизди жети эмес, жетимиш жолу өлчөп туруп, анан чечкиндүү кадамдарга барып жатабыз. Ошондуктан жалаң гана жамандык издегендерге айтаарым, кандай гана тема болбосун биринчи абдан тактап алып анан материал чыгарып жүргүлө демекчимин. Толук маалыматын жокпу, ал ишке мурдуңду тыкпа", - деди президент Жапаров.
Булак: NazarNews.kg