www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2016-жылдын 20-майында Ереван шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жана ички транзит боюнча ташуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат. Макулдашууга ылайык Евразия экономикалык комиссия менен мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилүүчү уруксат кагаздары бирдей форма түрүндө иштелип чыгып жана бекитилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости