www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтердин арасында Евразия экономикалык комиссиясынын 2025-жылдагы чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу жылдык баяндамасы бар.

Мындан тышкары, ЕАЭБ алкагында товарларды электрондук соода аркылуу сатуу боюнча макулдашуу кабыл алынды. Ошондой эле Биримдикке мүчө мамлекеттердин брокерлери менен дилерлеринин башка өлкөлөрдүн биржаларындагы уюштурулган соодага катышуусуна жол берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде окумуштуулук наамдарды ырастаган документтерди өз ара таануу боюнча макулдашуу да бекитилди.

Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын жөнгө салуучулук таасирди баалоо жана 2024–2025-жылдары кабыл алынган чечимдердин иш жүзүндөгү натыйжалуулугу боюнча отчету тууралуу тескеме кабыл алынды.

Мындан сырткары, кеңештин кийинки кезектеги жыйынынын өтүү убактысы жана өткөрүлө турган жери тууралуу тиешелүү тескеме кабыл алынды.

Последние новости