www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова административдик соттордун төрагалары жана экинчи инстанциядагы административдик иштер боюнча соттук коллегиялардын жетекчилери менен онлайн-кеңешме өткөрдү.
Жыйында административдик сот өндүрүшүнүн сапатын жакшыртуу, соттук практиканы бирдей колдонуу жана сот актыларынын мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча актуалдуу маселелер каралды.
Катышуучулар 2026-жылдын алгачкы 6 айындагы сот актыларынын жокко чыгарылышынын себептерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгын талкуулашты.
Ошондой эле биринчи жана апелляциялык инстанциядагы судьялардын иш сапаты боюнча отчеттуулукту күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Нургүл Бакирова мыйзам бузууга жол берген учурларга өз убагында чара көрүү үчүн жеке аныктамаларды чыгаруу практикасын активдештирүү керектигин айтты.
Кеңешмеде «Кыргыз Республикасынын Административдик ишмердүүлүк жана жол-жоболор жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору, ошондой эле жер тилкелерин берүү жана алып коюу, кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо маселелерине байланыштуу административдик иштер боюнча соттук практиканы жалпылоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле Президенттин тапшырмасына ылайык, калк менен жолугушууларда көтөрүлгөн жер маселелерин талдоо жана аларды чечүү жолдорун аныктоо максатында октябрь айында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрүү пландалып жатканы маалымдалды.
Мындан тышкары, жыйында эл аралык кызматташтык боюнча маалымат берилип, 2026-жылдын июнь айында Казакстандын Жогорку сотунун демилгеси менен Евразиялык административдик укук конгресси түзүлгөнү айтылды.
Бул кызматташтык административдик сот өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана жарандардын укуктарын коргоодо эл аралык тажрыйбаны колдонууга багытталган.
Жыйындын соңунда 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгында салык төлөөчүлөрдүн салык кызматынын чечимдерине жана аракеттерине даттануу тартиби боюнча соттук практиканы жалпылоо пландалып жатканы белгиленди.
Анын жыйынтыгы боюнча Жогорку соттун Пленумунун токтомунун долбоору даярдалат.