www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЮНЕСКО жана Эл аралык архитекторлор союзу (UIA) Пекинди 2029-жылдын Дүйнөлүк архитектура борбору деп расмий жарыялады. Бул чечим шаарды өнүктүрүү боюнча биргелешкен комитеттин сунушунун негизинде кабыл алынды.
Уюмдардын баамында, Пекин бай тарыхый архитектуралык мурасын заманбап шаар куруу, инновациялык долбоорлор жана туруктуу өнүгүү принциптери менен ийгиликтүү айкалыштырып келет. Шаардын тарыхый көрүнүшүн сактоо менен жаңы архитектуралык чечимдерди ишке ашыруусу дүйнөгө үлгү катары бааланууда.
Дүйнөлүк архитектура борбору макамы ар үч жыл сайын Архитекторлордун дүйнөлүк конгрессин өткөрө турган шаарга ыйгарылат. Программа архитектуранын, шаар куруунун жана маданий мурастын туруктуу жана жашоого ыңгайлуу шаарларды өнүктүрүүдөгү маанисин даңазалоону көздөйт.