www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразиялык экономикалык форуму өтүү учурунда төрт миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти сактайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБге кирген мамлекеттердин башчыларынын расмий сапары учурунда коопсуздукту камсыздоо үчүн милициянын бардык түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт.

Өтө турган иш-чаранын маанилүү экенине байланыштуу ИИМ шаар тургундарын менен конокторун түшүнүү менен мамиле кылып, айдоочулук маданиятты жана эрежелерди сактап, белгиленбеген жерге унааларды токтотпоого жана көзөмөлсүз калтырбоого, жол тыгындары жана башка жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздык болбошу үчүн карама-каршы тилкеге чыкпоону, мерчемделген жактарга тыгында же жолдо калбаш үчүн эрте чыгууну, жүктөр болсо иш-чара өткөн күндөрдөн башка күндөрү ташып алууну, жол жээктеринде соода сатыктарды токтотууну суранат.

Ушул күндөрү чет өлкөгө жана республиканын башка аймактарына учуп кетүүнү жана сапарга чыгууну көздөгөн жарандар, жогорудагы жолдорду айланып өткөн альтернативдүү жолдорду тандоого же коомдук транспорттор менен жүрүүнү эрте мерчемдөөгө чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости