www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү жана алып чыгууну уюштурган туруктуу канал аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу менен алектенген Кыргыз Республикасынын жараны 1986-жылы туулган А.Н. “Грин Лайт Компани” ЖЧК эл аралык билим берүү борборунун директору аныкталган.

“2022-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүп жаткан учурда “Манас” эл аралык аэропортунда жаран А.Н. колго түшүрүлгөн. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-бөлүмүнүн 2-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз ташып кирүү (ташып чыгуу) менен кылмыш иши козголуп, андан ары тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

А.Н. Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө ишке орноштуруу укугуна уруксаты жок туруп, 10-15 адамдан турган (арасында жаш балдар да болгон) Кыргыз Республикасынын жарандарынын тобун чогултуп, алардын Европа жана АКШ өлкөлөрүнө жеткирүү максатында мыйзамсыз Украина аймагы аркылуу Молдованын аймагына жеткирген.

Шектүү жаран Кыргыз Республикасынын жарандарын Молдовада 4-5 айга жакын кармап, чет өлкөлүк жарандар менен тил табышып, бир нече жолу круиздик жана жүк ташуучу кемелер аркылуу АКШга жана Европага жөнөтүүгө аракеттенген.

Натыйжада Молдованын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын жарандарына кылмыш иштери козголуп, депортацияланган.

Министрликтин маалыматына ылайык, А.Н. болжол менен 5,000,000 млн. сом ири өлчөмдөгү акча каражаттарына ээ болгон.

Кармалган жарандан же “Грин Лайт Компани” компаниясынын ушул сыяктуу кылмыштарга катышы бар экендигин аныктоо максатында жабыр тарткан жарандардан 102 же 0702 828 028, 0703 558 125 телефон номурларына кайрылууну өтүнөбүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости