www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Журналисттер” бирикмесинин төрагасы алмашты

Нурдин Дүйшөнбеков 18-майда “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы болуп шайланды. Ал эми бирикмени 2018-жылдан бери жетектеп келген Марс Тулегенов ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшырганы кабарланды.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жаңы төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген, журналисттердин таламын коргогон активист катары белгилүү.

“Журналисттер” бирикмеси өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоо жана журналисттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу жаатында иш алып барган өкмөттүк эмес уюм. Кыргызстанда журналисттер менен иш алып барган Көз карандысыз журналисттер бирлиги да бар.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык өкмөттүк эмес уюмунун рейтингинде, Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 2020-жылы 82-орунда, 2021-жылы 79-орунда болчу. 2022-жылдын жыйынтыгында өлкө 72-орунга чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости