www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-23-майда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткенде мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен Ош–Баткен автожолунун 109-чакырымында эки жеңил машинаны кум-шагыл баскан. Элдин жардамы менен машиналар чыгарылып, ички чарбалык автожолдор толук тазаланып бүткөн. 

Кадамжай шаарында сел суусу үйлөрдүн короосун, имараттардын жертөлөсүн каптап, жети көпүрөнүн жээгиндеги кум-шагылды жууп кеткен.

Жалал-Абад облусунда Чаткал районунун Терек-Сай айылында сел суусу бир көпүрөнү агызып кеткен, үйлөрдүн короосун, жолдорду каптаган. Ала-Букада электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Ош облусунда Алай, Кара-Суу райондорунун бир нече айылында суу үйлөргө, короолорго кирип, каналдарда суунун деңгээли көтөрүлүп, Бишкек–Ош унаа жолунун 647-чакырымында (Кайрагач айылы) Отуз-Адыр каналынан суу ашып, унаа жолду каптаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости