www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Украинанын бардык бошотулган аймактарын калыбына келтирет. Учурда керектүү каражаттын көлөмү такталып жатканын вице-премьер Марат Хуснуллинге шилтеме берип РИА Новости жазды.

Ал Украинанын Мелитополь шаарында иш сапары менен жүрөт.

"Биз азыр баалоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Бардык бошотулган аймактарды калыбына келтиребиз. Ошондой эле Орусия менен байланышкан жолдор дагы четте калбайт", — деди Хуснуллин.

Мындан тышкары, вице-премьер Запорожье облусунун Россия менен интеграциясы келечектүү экенине токтолду.

"Орусия менен иштешсе аймактын келечеги кең болот деп ишенем. Атап айтканда, айыл чарба өндүрүшүн жана өнөр жайын өнүктүрүүдө Запорожьеге колдоо көрсөтүлөт", — деди ал.

Хуснуллин "Запорожье" атомдук электр станциясы "Орусияга иштей турганын", бирок импорттун акысы төлөнсө Украинага электр энергиясын берүүгө даяр экенин белгиледи.

"Электр энергиясы кампада сакталбай турган товар. Андыктан Украинанын энергетика системасы кабыл алууга жана төлөөгө даяр болсо, анда беребиз", — деди ал.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости