www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Еврейлерге эмне себептен чума жукпай калган?

Динсиздерге салыштырмалуу еврейлер таза кандуу келишкен. Ар бир тамактануунун алдында колдорду жуу, ар бир жумада эркектердин мончодо жуунушу жана  аялдардын ар бир менструалдык айыз мезгилинен соң тазаланып турушу алардын таза кандуу экенинин белгиси.  Еврейлердин чочконун этине тыюу салганы трихинеллез оорусунан сактаган. Мындай адатты ислам дини да колдонуп, чочконун этине тыюу салынып келет.Чочконун этин жебегендиктен  еврейлер аз оорушкан,алардын денеси аз запкы жегендиктен, акыл жөндөмдүүлүгү өрчүшүнө алып келген. Мындай көз караш бир гана жолу айтылып калган жок. Жон Хопкинс университетинде фармаколог Дэвид И. Махт (иликтөө жүргүзгөн, еврейлердин ыйык китебинде тыюу салынган тамак -аштардын көпчүлүгү уулуу болуп эсептелет. Шерон Моалем жазган «Оорулуу турмуштан сактануу» деген китебинде Песах маалында кээ бир тамактарды жебей койгондун себебинен улам, 13 кылымда болуп өткөн чумадан жана келемиштерден сактап калган. Андан тышкары да бай еврейлер Чыгыш Европанын калкына караганда кенен үйлөрдө жашаша турган, ошондуктан бул болуп өткөн эпидемияда азыраак жоготууларга учураган.

Интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрдү  ченеген IQ тести иштелип чыккан соң, еврейлерде интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөр өтө жогору экени белгилүү болгон.  Орто эсеп менен IQ 100 балл деп эсептесек,  орточо еврейлерде IQ - 110, ал эми 140 пайыздан жогоркулар башка улуттарга салыштырмалуу еврейлерде алты эсе жогору.  Нью-Йорктун мектептеринде  IQ 170 тен ашкан 28 бала окуса, алардын ичинде 24 еврейлер болгон. Еврейлерден башка эч ким толук позитивде ой –жүгүртүп, өз потенциалын толугу менен ачып иштебейт. Позитивдүү ойлонуу чындыгында IQ жогорулатат. Мичиган университетинин  иликтөөлөрүнө караганда ой –жүгүртүүнүн ар кандай типтери интеллектин өсүшү үчүн абдан маанилүү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости