www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каржы министрлиги “Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруу үчүн акча каражаттарын топтоо жөнүндө” өкмөттүн токтом долбоорун даярдады. Бул тууралуу аталган мекемден билдирди.

Документке ылайык, токтом долбоордун максаты эл аралык финансылык институттардын жана чет өлкөлүк донорлордун алдындагы милдеттенмелерди төлөө боюнча мамлекеттик бюджеттин жүгүн азайтуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруу үчүн юридикалык жана жеке тараптардан ыктыярдуу которулган акча каражаттарды топтоо болуп саналат.

“Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындырууга КР өкмөтүнө көмөк көрсөтүү боюнча калктан түшкөн кайрылууларга байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруу үчүн өзүнчө эсептердеги каражаттарды пайдалануу жана түшүү эсебин камсыздоо максатында КРөкмөтүнүн аталган токтом долбоору демилгеленди”, - деп билдирет министрлик.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости