www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан көз карандысыз мамлекет, жырткычтарга жем болбош үчүн кыргыздар биригип, бир муштум болбосок болбой калды. Орусия тараптан президенти Путин, тышкы иштер министри Лавров биздин мамлекет тууралуу чеки сөз айтышпаса да жанталашып еврей «Соловей-разбойник” Соловьев Кыргызстанды Орусия менен кайраштыргандан кайра тартпай турат. “Россия-1” телеканалынын алып баруучусу Владимир Соловьев «Вечер с Владимиром Соловьевым» телеберүүсүндө дайыма Украинаны шыбап күн көрөт. Соловьевге окшогон каратэден кара пояс тагынышып башка мамлекеттерге тийишкендер Батыштын бир топ мамлекеттеринен экономикалык санкция алышкан. Львов соту анын сыртынан өлүм жазасына кесип, эл аралык издөө жарыялаган. Ал  украиналыктар кол салып түбүмө жеткен жатат деп айгай салып келет. Мейли Украинаны куруп жесин, бирок Кыргызстан өз алдынча мамлекет экенине карабастан, шыйпалаңдап бизге да тийишмейин программасы курч болбой калабы? Акыркы мезгилде Соловьев айткан орус тилинде жүрөктүн үшүн алган маалымат тарап жатат. Тышкы карыздарыбыз айрыкча Орусияга, Кытайга бар экени белгилүү. Орусия Грузиядан Абхазия, Түштүк Осетияны, Украинадан Крым, Донбасс, Луганскини, Молдовадан Приднестровияны алып койду. Учурда Орусия бир тууганы Украина менен жекелешип жатат. Кыргызстандын жаратылыш ресурстары ар кимди суктантып турат. Колония сыяктуу болсок согуштан кийин уранды шыпырып кетип, кереги жок «отходдорун» таштап кеткендей жаратылыш ресурстарын шыпырып кетмек. Соловьев Кыргызстанга Орусия канчалык жакшы мамиле кылса да ал тетирлеп турат деп атат:  

Биринчиден, Соловьевдин сөзү жалпы Орусиянын сөзү эмес.

Экинчиден, азыр биз колониялаштырылган мурунку кылымдарда жашап жатканыбыз жок. Ошондуктан Соловьевдин сөзүнө маани бербеш керек.

Үчүнчүдөн, дүйнөлүк коомчулук деген бар. Алар Орусия менен кайраштырып жаткан Соловьевдин сөзүн тыңшап жатат.

Төртүнчүдөн, ансыз деле Кыргыз Республикасы Кантта Орусиянын аскердик базасын кийирип, ЖККУнун (ОДКБ) мүчөсү, экономикалык жактан ЕврАзЭС аркылуу Орусиянын стратегиялык өнөктөшү.

Кырчаңгы аттай кыргыздарга тийише калчулардын бири “Россия-1” телеканалынан Андрей  Малахов болгон. Көрсө ал алган акчасына чиренип жаткан экен. Бирок кечирим сураган да жери бар, ошондуктан кыргыздын батасы тийгенби азыр Андрей Малахов ОРТда да “Россияда” да Орусиянын алдыңкы эки каналында тең иштей баштады. Орусиянын Биринчи каналындагы “Время” программасынын белгилүү алпаруучусу Екатерина Андреева “Русское радио” эфиринде Андрей Малаховдун алган айлыгына таң калып, өзү андан өтө эле аз аларын билдирди. Ошондой эле, алып баруучу Орусиядагы эркектер менен аялдардын айлык акысы бирдей болбоорун кошумчалады. 

Буга чейин Андрей Малахов Ксения Собчак менен болгон интервьюсунда Биринчи каналда иштеп жүргөндө 50 миң доллар айлык алып жүргөнүн айтып, Владимир Познер менен Иван Ургант гана Малаховдон көбүрөөк маяна аларын кошумчалаган.   Мындан сырткары, Малахов “Россия” телеканалында да ошондой суммадагы айлык акы алып иштеп жүргөнүн белгилеп кеткен. Эсепке кыргыздар жакшыбыз эми эки каналдан тен 50 мин доллардан алса, ал айына 100 доллар айлык акы алып Владимир Познер менен Иван Ургантты таманына таштады.

Екатерина Андреева Малаховдун айлык акысын сөз кылып жатып таң калды. “Мен Андрей Малахов канча айлык аларын укканда албетте, сүйүндүм. Мен мындай акчаны көргөн эмесмин”, -дейт алпаруучу.  Ошондой эле, Екатерина Андреева Россияда эркектер менен аялдар бир эле кызматта болуп туруп, бирок айлык акылары айырмаланып тураарын, тагыраак айтканда аялдар эркектерден азыраак аларын айткан.

 Кыргызстанга учурунда 2005-жылы мартта Владимир Жириновский тийишип: «Кыргызсанды бөлүп Түштүгүн Өзбекстанга, Түндүгүн Казакстанга кошуш керек» -деп акыл айткан. Орус калкына карата кыргыз эли өтө толеранттуу. Орус элинин жумушка жарамдуулары Орусияны көздөй куйругун түйүшүп, бирин-сериндеп калган, көпчүлүгү ансыз деле жыртык бюджеттен пенсия алган кары-картаңдар жана, Глушич, Силаев, Танаев сыяктуу өлкөнүн байлыгын тоноп, тоюп алган соң «Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын» -дешип Орусияга жөнөй тургандар. Атасы еврей, энеси орус Жириновский атасын жашырып «атам физик, энем орус» деп келет, балким ал Казакстанда түрк тилдүүлөрдөн таяк жеп жүрүп өскөн сыяктуу. Себеби, түрк тилдүү калктарга асылганы асылган. СССР убагында «ашказанга жабышып алган рак сыяктуу» түрк элдерин кесип салбасак, Орусия оңолбойт деп жүрүп он беш республиканы тараттырган. Орусия башкаларга салыштырмалуу оңолуп деле кеткен жок. Аларга салыштырмалуу «прибалттар» камчы салдырбай кетишти. Ал эми Казакстан өнүгүү жагынан Орусияны артка таштады. Азыр Борбор Азиядагы газ, мунайзатка бай Түркмөнстан, Казакстанга дүйнө көз артып турат. Өзбекстан деле Шавкат Мирзиеев келгени кээ бирде Вашингтонго сапар тартып Москванын көзүн кычыштырып жатат.

"Орустар кордук көрүп жатышат"-деп жалган жерден чуу салып, Владимир Жириновский Кыргызстан менен болгон мамилени үзүүнү талап кылып жатат. Жириновскийдин айтуусунда Кыргызстан Орусия менен дипломатиялык мамилелерди үзө турган болсо эле жашоосун токтотпойт. Негизи, Жириновскийдин мындай сөзү улутчул, скинхэддерге эле дем берет. Скинхэддер болсо Жириновскийге таянып алышып өңү кара адамдарды көрүшсө эч суроо-сопкутсуз сабап, кээде өлтүрүп да коюшат. Жакында Орусиядан качып келген бир мигранттын айткандары жарык көрдү. Орусиянын чоң шаары эсептелген Новосибирскиден качып келген. Анын айтымында мигрант болуп курулушта эмгектенип жатыптыр. Кээ бир бирге иштешкендери дайынсыз жок болуп кетчү экен. Мунун схемасы мындай тура, скинхэддер кара баштууларды көрсө эле буту-колун талкалап сабап салышчу экен. Алар албетте, жергиликтүү дарыгерлерге кайрылат да, алар колу-бутуна операция жасайбыз дешип наркоз сайышып, наркоз сайылып жаткан шордуунун өпкө, жүрөгүн жана башка органдарын сатып жиберишип, операциядан турбай калды деп, өлүктү моргго жөнөтүшчү экен. Мындай мыкаачыларды Орусиянын мыйзамдары да көтөрө албайт. Кокус Орусиянын мыйзамдуу бийликтеринин колуна түшсө булар өз жазасын алары бышык.

Еврей Жириновский коронавирустан өлө корккондуктан жети ирет вакцина сайдырып, андан да ооруканага жатканы менен алар өлүмдөн сактап кала албады. Анын көзү жумулуп Кыргызстан тынчып баратканбыз, эми Соловьев деген еврей чыкты. СССРдин убагында бийликке акаарат айткандар же чет мамлекетке диссидент болуп кетишчү, болбосо жиндиканага алып барып тыгып коюшчу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости