www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Орусиядан келген адистер үчүн виза чектөөлөрүн жеңилдетүүнү пландоодо.

Бул тууралуу “Bloomberg” жазганын орус маалымат каражаттары билдиришти.

“АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы орус лидери Владимир Путинди "эң мыкты инноваторлорунун айрымдарынан" ажыратуу идеясын ойлоп тапкан. Бул үчүн бир катар орусиялыктар үчүн АКШга кирүү жөнөкөйлөштүрүлөт”, -  деп билдирет Bloomberg.

Жөнөкөйлөштүрүлгөн кирүү

Маалыматка караганда, Байдендин администрациясынын Орусиядан келген квалификациялуу жумушчулар үчүн бир катар виза чектөөлөрүн жеңилдетүүнү көздөшүүдө. Бул чара илимпоздордун АКШга көчүп баруусуна ыңгайлуураак болуп, Орусиянын жогорку технологиялык потенциалын алсыратат.

Америкалык лидердин администрациясы буга чейин өлкөнүн Конгрессинен АКШга жумуш визасын алууну каалаган жогорку билимдүү орусиялыктар үчүн жумушка орношкондугун тастыктаган талапты алып салууну суранган.

Кимдерге АКШга кирүүгө уруксат берилет?

Ак үй Орусиядан АКШга “илим, инженерия жана математика тармагындагы адистер” көчүп келет деп үмүттөнөт.

“Байдендин администрациясы жарым өткөргүчтөр, космостук технологиялар, киберкоопсуздук, алдыңкы өндүрүш, эсептөө, өзөктүк инженерия, жасалма интеллект, ракетаны кыймылдатуу технологиясы боюнча тажрыйбасы бар орусиялыктардын АКШга көчүп барышын жеңилдетүүнү каалайт”, - деп жазды Bloomberg.

Мыйзам кабыл алынса, анда магистратура же докторантура даражасын алган орусиялыктар АКШга кирүү үчүн жөнөкөйлөтүлгөн схеманы колдоно алышат.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Байдендин администрациясынын максаты “кыска мөөнөттө Орусиянын жогорку технологиялык ресурстарын алсыратып, келечекте өлкөнүн инновациялык базасын бузуу” экенин ырастады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости