www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Исхак Абсаматович, жакында эле комитеттин мүчөлөрү Кумтөр кенине барып келишпедиби. Сиз да бардыңызбы?

-- Жок, врачтар тыюу салганынан улам бара албай калдым. Комитеттин мүчөлөрү барышып, Бөлтүрүковдун лекциясын, болочок пландарын угуп, “ишкана аябай жакшы иштеп жатыптыр” деп кубанып келишти.

Алар биринчи жолу барып жатышат да Малиевден башкасы. Мен ал жерде 2001-жылы болгом. Азыр барып, салыштырып көрөйүн дедим эле.

-- 2001-жылдан бери көп нерсе өзгөрдү да. Азыр кен балким, чындап эле жакшы иштеп жаткандыр?

-- Мен көргөн тоолордон эчтеке калган жок. Ошондо биз түнөгөн лагерь, пластиктен курулган кичинекей шаарча бар болчу. Аны бешалты жыл мурда жер көчкү басып калыптыр. Бул ал жерди мындан ары иштетүү коркунучтуу болуп калды дегенди туюндурат.

Жердин бүтүндүгү бузулган. Сууну аябай иштеттик да. Ал түбөлүк тоң жер. Биз кен иштете баштаган соң жер жылып, тоң бузулду. Албетте, кенди өзүбүзгө алганыбыз аябай жакшы болду, бирок эми экологияга өзгөчө көңүл бурбасак болбойт.

Эгер мен барып калганымда, Бөлтүрүковго мындай суроону берет элем: тышкы башкаруу киргизгенде биз аудит өткөрдүкпү? Канча алтын калыптыр? Азыркы келишим түзүлөрдүн алдында аудит өттүбү? Бюджетке канча акча түштү? Бул суроолор баары бир берилет.

Азыр мен запросторду жиберип жатам. Менин пикирим боюнча, булар өлкө жетекчилигине туура эмес маалымат берип, боло турган ишти “болду” деп айтып жатышат.

-- Акыркы келишим боюнча оюңуз кандай?

-- Өкмөттүн чечими менен келишимге кол коюу Бөлтүрүковго тапшырылды. Бирок, ал келишимде кыргыз тарап мындан ары ишканага аралашкан адамдарга карата кылмыш куугунтугун токтотот деген норма бар.

Ага Бөлтүрүков кол коюп, “мен силерди камабайм” деп убада бергени кандай болот? Демек, ага Акылбек Жапаров өзү кол коюшу керек болчу. Эми эртең бир чатак чыкчу болсо, Бөлтүрүков жооп берип калат...

Булак: Азия News гезити

Последние новости