www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик газды Орусиядан эмес, Африкадан алат

Европа Биримдиги Орусиянын газынын импортун кескин азайтып, африкалык өлкөлөрдөн көгүлтүр отун сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатат. Бул тууралуу Bloomberg Европа Комиссиясындагы булактарына таянуу менен жазды.

Басылма билдиргендей, сырткы энергетикалык карым-катыш жөнүндө документ майдын аягына чейин кабыл алынышы мүмкүн. Анда биримдиктеги өлкөлөр 2022-жылдын аягына чейин энергетикалык жактан Москвадан көз карандысыздыгын кескин кыскартуу планын койду.

Ушул эле документте Африкадагы Нигерия, Сенегал жана Ангола сыяктуу мамлекеттер суюлтулган газдын иштетилбеген потенциалына ээ экени көрсөтүлөт.

Евробиримдик Орусиядан газ кууру аркылуу келчү 10 млрд. куб метр газдын ордуна, аталган африка өлкөлөрүнөн суюлтулган газдын импортун жылына 50 млрд. куб метрге чейин көбөйтүүнү пландаштырууда. Документтин долбоорунда азыркы жеткирүүчүлөргө жана жаңы жеткирүүчүлөргө отун алып келүүгө шарт түзүү маселелери каралган.

Европа Биримдиги мурдараак Кошмо Штаттарынан быйыл кеминде 15 млрд. куб метр суюлтулган газ сатып алуу келишимге кол койгон. Америкалык газ келерки жылдан баштап жылына 50 млрд. кубга чейин жетери маалымдалды. ЕБ мындан сырткары Азербайжандан газ алууну жылына 20 млрд. куб метрге чейин жеткирүүнү көздөөдө.

Шаркеттеги өлкөлөр жылына 350-400 млрд. куб метр газ керектейт. Айрым маалыматтарга караганда, Европа мунун 40% Орусиядан сатып алчу.

Эске салсак, Орусия 1-апрелден тарта касташкан өлкөлөрдөн саткан газынын акысын рубль менен кабыл алып баштаган, бул доллар, евро менен эсептешүүдөн кетүү максатында жасалган. Президент Владимир Путин орусиялык валюта менен эсеп-кысап жүргүзүүдөн баш тартууну Москва келишимдеги милдеттерди аткарбагандык деп тааный тургандыгын тактаган.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости