www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Коргоо министрлигине караштуу бөлүктөрдө кызмат өтөгөн бир да адам Январь окуялары учурунда ок жеген жай тургундардын өлүмүнө байланыштуу шектүү катары таанылган эмес.

Бирок Куралдуу күчтөрдүн башчылыгы кылмыш иштеринде “күбө” иретинде сурак берүүдө. Бул тууралуу 3-майда өткөн брифинг учурунда Коргоо министрлиги менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын өкүлдөрү билдиришти.

Куралдуу күчтөрдөн канча киши суралып жатканы жөнүндө так маалымат айтылган жок.

“Азаттыктын” казак кызматы Кайрат Нургалиев менен Андрей Карпиленконун өлүмүнө шектүүлөр бар-жогун сурады. Казакстан ИИМи аларды №18404 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери атканын билдирген. Бул факты боюнча “Ыйгарым укугун ашкере пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Серик Буранбаев тергөө жүрүп жаткандыктан буга жооп бере албай турганын, бирок азыркы күнгө карата бир дагы аскер кызматкери жоопко тартылбаганын белгиледи.

Серик Боранбаев Талдыкорганда каза болгон үй-бүлө тууралуу да ушундай эле жооп берди. Өз автоунаасында отурган жергиликтүү тургундар Алтынай Етаева, Нурболот Сейиткулов жана алардын 15 жаштагы кызы Нурайды аскерлер атып өлтүргөн. ИИМ бул окуяга байланыштуу Түштүк аймактык кол башчылыгынын тергөө башкармалыгынын аскер кызматкерлеринин иш-аракетинде кылмыш белгилери бар экенин маалымдаган.

– Жок, аскер адамдары жоопко тартылган жок. Тилекке каршы, ошол кезде кандай окуялар, кандай убакыт болгонун өзүңөр билесиңер. Сиз айткан жагдайлар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат, бирок күнөөлүүбү, жокпу, аны сот чечет. Сотко бул иштер али бара элек сыяктуу, – деди Серик Боранбаев.

Расмий маалыматка караганда, кандуу окуяларда жалпы 238 адам өлгөн. Казакстандын бийлиги каза болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек. Укук коргоочулар жана ыктыярчылар мерт болгондордун ысымын өз алдынча топтоп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости