www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина НАТОго кирүү планынан баш тарткан жок, деп билдирди вице-премьер-министр Ольга Стефанишина испаниялык El Pais гезитине берген маегинде. Бул тууралуу РИА Новости жазды. «Киев Түндүк Атлантика альянсына кирүү ниетинен баш тарткан эмес жана артка кайтарган эмес», - деди ал.

Ошол эле учурда вице-премьер-министр НАТОнун Украина боюнча позициясын сынга алып, азыркы кырдаалга дал ушул блоктун чечкинсиздиги себеп болгонун белгиледи.

«НАТОнун Украина боюнча отчеттору бир аз көңүлдү калтырды жана албетте биз андан да көптү күткөнбүз», - деп баса белгиледи ал. Ошондой эле, министр Украина президент Владимир Зеленскийдин буга карата «сындоого толук укугу бар» экенин эскертти.

Украина 2014-жылы декабрда блокко кирбеген статусунан баш тартып, андан кийин Евробиримдикке жана НАТОго кирүү курсун Конституцияга киргизген. Азыр ал альянстын өркүндөтүлгөн өнөктөшү статусуна ээ, бирок толук мүчөлүктү талап кылат.

Ал эми АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Украинанын альянска кирүү мүмкүнчүлүгү каралбай жатканын билдирген. Бирок ал НАТО өзүнүн «ачык эшик» саясатынан баш тартпай турганын баса белгилеп, келечекте Киев дагы уюмга кошулууга аракет кылышы мүмкүн экенин четке каккан эмес.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости