www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москванын Хамовники соту Башкы прокуратуранын "Форум" холдингинин жетекчиси, миллиардер Дмитрий Михальченконун мүлкүн мамлекетке өткөрүү боюнча доосун канааттандырды. Бул тууралуу Лента.ру жазып чыкты.
Көзөмөл органы ишкердин Федералдык коопсуздук кызматы (ФСО) менен болгон байланышын пайдаланып, "өзүн жана анын көзөмөлүндөгү адамдарды байытуу" үчүн мамлекеттик контракттар боюнча бюджеттик каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун билдирген. Жалпысынан сот дээрлик төрт миллиард рубльга барабар мүлктү конфискациялаган.
2021-жылдын июлунда Михальченконун Путиндин резиденциясынын курулушуна байланыштуу келишимдерди байытуу схемасы ачыкка чыккан. Акча табуу үчүн Михальченко (ФСО)нун мурдагы жетекчилиги менен байланыштарды колдонгон. Тактап айтканда, атайын кызматтарга мамлекеттик курулуш келишимдерин бөлүштүргөн "Атекс" ишканасынын жетекчилигине ишенимдүү өкүлдөрдү дайындоого жетишкен. 2008-жылдан 2014-жылга чейин компания миллиардердин фирмалары менен 29 келишим түзгөн, атап айтканда, "Бочаров Ручей", "Горки-9", "Огарёво" жана "Огарево-2", "Воробьевы Горы" резиденцияларын оңдоого.
Миллиардер тарабынан көзөмөлдөнгөн фирмалар менен кызматташкан субподрядчылар бул үчүн компенсация алышкан, анын өлчөмү ар бир учурда ар башка аныкталган. Сотто суралгандардын биринин айтымында, Михальченко сүйлөшүүлөрдө (ФСО)нун жетекчилери анын компаниялары үчүн ашыкча баа берүүнү жеке өзү бекиткенин айткан. Келишимдик баалар 20—40 пайызга жогорулатылган.
Булак: NazarNews.kg